OpenLEX
Правовой акт · Законодательство

Рекомендация Коллегии ЕЭК № 37 от 27.12.2016 О распространении наилучших практик создания и обеспечения функционирования объектов индустриально-инновационной инфраструктуры государств – членов Евразийского экономического союза

действующая редакцияполный текст оригинал

ЕВРАЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК КОМИССИЯСЫ

КОЛЛЕГИЯ

С У Н У Ш Т А М А

2016-жылдын «27» декабры №37 Москва шаары

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин индустриялык-инновациялык инфраструктуралык объектилерин түзүү жана алардын иштеп турушун камсыздоонун алдыңкы практикаларын жайылтуу жөнүндө

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 17-мартындагы №17 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы өнөр жай тармагында кызматташуунун негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндөгү актылар менен иш-чараларды иштеп чыгуу планынын 23-пунктуна ылайык,

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин индустриялык-инновациялык инфраструктуралык объектилерин (мындан ары маанисине жараша – инфраструктуралык объектилер, мүчө мамлекеттер, Бирлик) түзүү жана алардын иштеп турушун камсыздоонун алдыңкы практикаларын жайылтуу, инфраструктуралык объектилеринде жайгашкан мекемелер менен уюмдардын кооперациясын өнүктүрүү максатында

мүчө мамлекеттерге с у н у ш т а л а т:

Ушу Сунуштама Бирликтин расмий сайтында жарыяланган күндөн баштап:

а) өнөр жайлык (инновациялык) кластер, технологиялык (инновациялык) парк (технопарк), индустриялык (өнөр жайлык) парк (аймак), илимий-техникалык (инновациялык) борбордук сыяктуу объектилерди кошо алганда, инфраструктуралык объектилердин жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында каралган башка да инфраструктуралык объектилердин тизмесин түзүү жана жыл сайын актуалдаштыруу;

б) алдыңкы катардагы (моделдүү) улуттук инфраструктуралык объектилерди түзүү жана алардын иштеп турушун камсыздоонун алдыңкы практикалары менен тажрыйбасын изилдөө үчүн аларды аныктоо;

в) мүчө мамлекеттердин бизнес-коомчулугунун катышуусу менен алдыңкы катардагы (моделдүү) улуттук инфраструктуралык объектилерди түзүү жана алардын иштеп турушун камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашуу жөнүндөгү биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү;

г) Евразия экономикалык комиссиясы менен бирдикте, алдыңкы катардагы (моделдүү) улуттук инфраструктуралык объектилерди түзүүнүн эң алдыңкы дүйнөлүк практикаларын, эл аралык стандарттарын жана тажрыйбасын карап чыгуу, ошондой эле объектилерди инфраструктуралык объектилерге киргизүү критерийлерин аныктоо жөнүндөгү сунуштарды иштеп чыгуу;

д) Бирликтин алкагында инфраструктуралык объектилерди ыктыярдуу тастыктамалоо тутумун киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу тууралуу маселени изилдеп окуу;

е) мүчө мамлекеттердин юридикалык тараптарынын инфраструктуралык объектилерине дискриминизациясыз кирүү мүмкүндүгүн камсыздоо тууралуу маселени иштеп чыгуу.

2. Евразия экономикалык комиссияна берилет:

а) 2017-жылдын 1-майына чейин – ушул Сунуштаманын 1-пунктунун «а» пунктчасында көрсөтүлгөн инфраструктуралык объектилердин тизмеси, ошондой эле Бирликтин расмий сайтына жайгаштыруу максатында жыл сайын, 1-майга чейин анын актуалдаштырылган версиясы;

б) 2017-жылдын 1-июнуна чейин – Бирликтин расмий сайтына жайгаштыруу максатында ушул Сунуштаманын 1-пунктунун «б» пунктчасында көрсөтүлгөн алдыңкы катардагы (моделдүү) улуттук инфраструктуралык объектилердин тизмеси;

в) 2017-жылдын 1-июлуна чейин – Бирликтин расмий сайтына жайгаштыруу максатында ушул Сунуштаманын 1-пунктунун «в» пунктчасына ылайык алдыңкы катардагы (моделдүү) улуттук инфраструктуралык объектилерин түзүү жана алардын иштеп турушун камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашуу жөнүндөгү 2017- 2018-жылдарга карата биргелешкен иш-чарлардын планы тууралуу сунуштарды;

г) 2018-жылдын 1-январына чейин – ушул Сунуштаманын 1-пунктунун «г» пунктчасын аткаруунун жыйынтыктары боюнча маалыматты;

д) 2109-жылдын 1-январына чейин – ушул Сунуштаманын 1-пунктунун «д» пунктчасына ылайык маселени изилдеп окуп чыгуунун жыйынтыктары боюнча даярдалган Бирликтин алкагындагы инфраструктуралык объектилерди ыктыярдуу тастыктамалоо тутумун киргизүүнүн максатка ылайыктуулугуна тиешелүү сунуштар.

Евразия экономикалык комиссиясынын

Коллегиясынын төрагасы Т. Саркисян